17.04.2018 12:22

Бишкекте 20-апрель жана 19-май күндөрү VI Билим фестивалы өтөт

Бишкекте 20-апрель жана 19-май күндөрү VI Билим фестивалы өтөт

20-апрель жана 19-май күндөрү Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясы жана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына алтынчы Билим фестивалын өткөрөт. 

Билим фестивалы – бул балдар, жаштар, ата-энелер жана шаардыктар үчүн ар жылдагы Фестиваль, ал 2013-жылдан тартып Бишкек шаарында өткөрүлүп келатат.

2018-жылдагы Билим фестивалынын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» деп аталат.

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ КАЧАН ЖАНА КАЙДА ӨТӨТ?

20-апрель (жума), 1-күн.

Фестиваль Тынчтык проспекти 27/Гагарин көчөсү дареги боюнча К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин аймагында жана имаратында саат 09:00дөн 17:00гө чейин өтөт.

19-май (ишемби), 2-күн.

Орду жана убактысы: Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасындагы аймакта саат 11:00дөн 19:00гө чейин. 

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНЫН МАЗМУНУ:

20-апрель (1-күн, жума)

«Бардыгы үчүн билим» классы/аянтчасы:

1. БГУга экскурсиялар жана Бишкек шаарынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн профессордук-окутуучу курам менен жолугушуулар

2. Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун арасында дебаттык клубдардын турнири

3. Бишкек шаарынын мектеп парламенттеринин лидерлери үчүн «Эл аралык тажрыйба аркылуу лидерлик» интерактивдүү лекция-презентация

4. Бишкек шаарынын мектептеринин англис тил мугалимдери үчүн англис тилин үйрөтүүнүн заманбап методикалары боюнча лекция-презентация

5. Бишкек шаарынын мектептеринин кыргыз тил мугалимдери үчүн кыргыз тилин үйрөтүүнүн заманбап методикалары боюнча лекция-презентация

6. БГУнун англис тилин үйрөнүп жаткан студенттери үчүн "HeroesTeach" тренинг

7. Социалдык видеороликтердин конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

8. Мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү көргөзмө

9. Улуттук жана спорттук оюндар

10. Концерттик программа

19-май (2-күн, ишемби)

1. «Дүйнө маданияттарын үйрөнөбүз» аянтчасы

2. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору

3. «Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары» аянтчасы

4. «Гүл ярмаркасы» аянтчасы

5. «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы» аянтчасы (Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарынын көргөзмөсү – ЖОЖдор, колледждер, лицейлер, кошумча билим берүү борборлору жана башкалар)

6. «Дүйнө тилдерин үйрөнөбүз» аянтчасы (Бишкек шаарынын тил борборлорунун көргөзмө жана мастер-класстар)

7. «Дүйнө тамак-аштарын жасаганды үйрөнөбүз» аянтчасы (Бишкек шаарынын ресторандарынан жана кафелериненкөргөзмө жана мастер-класстар)

8. «Бий» аянтчасы (Жан Воиновдун"MovementDance Studio" студиясынан мастер-класстар, мелдештер жана көрсөтмөлүү оюн-зооктор)

9. «Билимбектин жомок лабораториясы» аянтчасы (балдар үчүн ар түрдүү мастер-класстар)

10. «Көп маданияттуу OpenAir» аянтчасы

11. «Концерттик» аянтча

12. «Спорттук» аянтча (спорттук оюндар, мелдештер, өнөрлөрүн көрсөтүү)