23.05.2019 11:19

Бишкекте айдоочулар штрафтарга каршы флешмоб уюштурушту

Бишкекте айдоочулар штрафтарга каршы флешмоб уюштурушту

Башкалаада айып пулдардын көлөмүнө нааразы айдоочулардын флешмобу болуп өттү. Акцияга катышары айтылган 3000 унаа эмес, 10го чукулу эле катышты.

Социалдык тармактарда таратылган чакырыктарга кулак салып келген айдоочулар, акцияга үндөгөн негизги уюштуруучу Марипа Алыйкулованы таба албай убара болду. Ошентсе да, унаасы менен жүрүшкө чыгып, ал эмес айрымдары жол эрежесин бузгандыгы үчүн кайра айып пулга жыгылгандары да болду.