07.06.2018 13:18

Бишкекте дайынсыз жоголгон Карсимбекова Надирага издөө жарыяланды (сүрөт)

Бишкекте дайынсыз жоголгон Карсимбекова Надирага издөө жарыяланды (сүрөт)

Бишкекте 26 жаштагы кыз дайынсыз жоголду. Мындан улам, ага издөө жарыяланганын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Карсимбекова Надира Муратовна ушул жылдын 6-июнунда жумуштан чыккан боюнча үйгө кайтып келген эмес. 

Белгилери: бою 160-165 см, орточо салмактагы, жүзү ак жуумал, чачынын өңү кара, ийинге чейин,  көздөрү күрөң.

Кийген кийими: ак көйнөк, кочкул көк шым, бутунда кочкул көк балетка. 

Укук коргоо органдары Карсимбекова Надиранын кайда экени тууралуу билсе,  же кандайдыр маалыматы болсо, Биринчи май райондук ИИБине билдирип коюуну суранат. 

Байланыш телефондор: (0312) 56-32-48 (нөөмөт бөлүмү).
(0701) 41-19-79, (0550) 102-486, (0555) 75-79-55.