07.05.2019 09:08

Бишкекте кайрадан Патрулдук милиция түзүлдү

Бишкекте кайрадан Патрулдук милиция түзүлдү

Бишкек шаарында кайрадан патрулдук милиция түзүлдү. Жаңы кызмат жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодон тышкары, коомдук тартипти да көзөмөлгө алат. Азырынча “пилоттук” макамын ташыган долбоор, баш калаада 2019-2020-жылдары иштеп, ийгиликтүү болсо, Республиканын аймактарында да жанданат.

Өкмөт аталган кызматтын аталышын алгач ирет алмаштырган жок. Бирок, буга чейин ыгы келсе ысымын алмаштырганы менен иш оңунан чыга берген эмес. Канчалык кооз аталбасын, бак артына жашынган ала таякчандар азайган жок.