Бишкекте "Келемиштер падышасына" жан беришти

Бишкекте "Келемиштер падышасына" жан беришти

Абсурд жана көчө театры: борбор калаанын 705 аттуу чыгармачыл тобу "Келемиштер падышасы" спектаклин тартуулады. Аны April.kg порталынан кабарчысы көрүп келди.

Жигердүү жаштардын бөтөнчө спектакли бүгүн Бишкекте коюлду. 705 тобунун мүчөсү Малика Умарованын айтымында, эмгекти жалпы аракет менен  даярдашкан.

"Келемиштер падышасы" спектакли  2015-жылы Казакстанда ушундай эле аталышта коюлган спектаклдин  кайра жасалган варианты. Чыгарма ар кандай деңгээлдеги башкаруу мамилесин чагылдырат; үй-бүлө, жумуш, коомчулукта. Мында аудио жана визуалдык ыкмалар, ирония жана өзүн өзү издөө камтылган», - деп билдирди Умарова. 

Перфоманстан тышкары, театралдар графикалык көргөзмө уюштурушкан. 

705 тобу заманбап искусствону, абсурд жана көчө театрын, анимация жана жыгач менен иштөөнү айкалыштырган жаш сүрөтчүлөрдүн жамааты.