06.03.2020 14:14

Бишкекте коомдук унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 6 адам жабыркады

Бишкекте коомдук унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 6 адам жабыркады

Күн мурун, 5-мартта Бишкектин Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, бир нече адам жабыркады. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

Видеодо жолтандабас кичи автобусту капталдан урганы көрүнөт. Маршрутканын жүргүнчүлөрү жолго ыргып кеткен. Төрт адам жапа чеккен.

Маалыматка караганда, №214 коомдук транспорт менен Volvo үлгусундөгү автоунаалардын кагылышында 6 адам жабыр тарткан.