06.06.2018 11:47

Бишкекте "Тоо Ханы 2018" велоспорт фестивалы болуп өттү

Өткөн дем алыш күнү спортко жакын Бишкек шаарынын тургундары Чуңкурчак жайлоосуна чогулуп, ден соолукка кам көрүштү. Бийиктикти алгач велосипед менен 1100 метр жүрүп, андан кийин жөө 350 метр аралыкка чуркап багынтышты. Мындан тышкары, катышуучулар тоо койнунда футбол ойноп, өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү менен эстафетага катышышты. "Тоонун ханы 2018" спорттук иш-чарасына April.kg кабарчылары дагы күбө болуп келишти.