28.03.2019 13:20

Бишкекте жаңы жол куруу үчүн Ботаникалык бактын бир бөлүгү кыйылат

Бишкекте жаңы жол куруу үчүн Ботаникалык бактын бир бөлүгү кыйылат

Жолду кеңейтүү үчүн жашыл өсүмдүктөрдү кыюуу көнүмуш адатка айланды. Кезектеги курулуш иштери үчүн Ботаникалык бакча балталанганы жатат. Бул ирет Кара-Көл көчөсүнө туурасы 15 метр болгон жол салынат.

Жергиликтүү тургундар муниципалдык жерди четинен кертип, үй жана дарбазаларын тургузуп алган. Эми алардын айынан Ботаникалык бакчага кол салынууда.