14.04.2020 09:22

Бишкекте өткөрмө кагазы менен такси кызматын көрсөткөн учур катталды

Бишкекте өткөрмө кагазы менен такси кызматын көрсөткөн учур катталды

Бишкек комендатурасы өткөрмө кагазын такси кызматын көрсөтүү үчүн алган учурду аныкташкан. Жүрүугө уруксат кагазын алган айдоочу калаага азык-түлүк ташыганга ылайык документтерди топтогону айтылат.

«Өткөрмө кагазды алгандан кийин такси кызматында иштеген. Уруксат кагазды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргөндөр мыйзам чегинде жазага тартылат», — дешти комендатурадан.

Эске салсак, 25-марттан тартып Бишкек шаарында өзгөчө абал жарыяланган жана кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот. Кундүз шаар ичиндеги кыймылга чектөө коюлган-азык-түлүк дүкөн/базарларга, дарыкана жана медицина жайларына эле барууга мүмкүн. Ошондой эле маршруттук баракча жана өздүгүн тактаган документ болушу шарт. Ал эми унаалар үчүн атайын өткөрмө кагаз болушу керек.