26.12.2019 12:33

Бишкектеги кара түтүн эки депутатты уруштуруп, кайра жараштырды

Бишкектеги кара түтүн эки депутатты уруштуруп, кайра жараштырды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары жумушун алгач күн тартибин кароодон башташты. Талкуу маалында Тазабек Икрамов менен Экмат Байпакбаев экөөнүн ортосунда жаңжал чыкты.

Ага себеп түтүн каптаган Бишкек шаарындагы абанын булганышы тууралуу маселе.

Экмат Байпакбаев депутаттарды регламентке жараша иш кылууга чакырса, Икрамов абанын булгануусун азайтуу боюнча долбоорду бүгүнтөн кечикпей кароону талап кылып туруп алган. Кесепетинде эки тарап чырдаша кетишкен. 

Жогорудагы Жогорку Кеңеште тартылган тасмадан Байпакбаевди далысына катуу түртүп жиберишкенин байкоого болот.

Бирок, көп өтпөй эки депутат тең бул маалыматты четке кагышып, аталган маселе тынч чечилгенин айтышты. Өз кезегинде Тазабек Икрамов өзүнөн улуу кишиге кол көтөрүп, урушпай турганын билдирди.

Акыры эки тарап тең Бишкектин абасы тууралуу документти бүгүн кароо керек деген пикирге келишкен.