24.07.2019 14:30

Бишкектеги селсаяктарга көмөк көрсөтүп келген «Сооп автобусу» жардамга муктаж

Бишкектеги селсаяктарга көмөк көрсөтүп келген «Сооп автобусу» жардамга муктаж

Бишкектеги үй-жайы жок адамдар тамак-аш жана медициналык жардамдан кур калганы турушат. Селсаяктарга кыдырып тамак тараткан автобус бузулууда. Эски унаага тетиктерди Америкадан буйрутма менен алдыруу керек. Эскини жамаганча жаңысын алган жеңил дешет адистер. 

Учурда чиркөөдө кызмат кылган мээрман айымдар жаңы транспорт каражатын алууга акча чогулта башташты. Ыктыярчылар алты жылдан бери жумасына эки жолу үй жайы, багар көрөрү жок адамдарга тамак-аш жеткирип келишет.

«Сооп автобусу» долбооруна жардам берүүнү каалагандар төмөнкү 0550 824 814  Элсом номуруна акча которсо болот.

Кошумча маалымат үчүн 0555 923 656 номерине чалыңыздар.