18.04.2018 10:00

Бишкектеги жаштар аллеясында көчө музыкалык аспаптары орнотулат

Бишкектеги жаштар аллеясында көчө музыкалык  аспаптары орнотулат

Бишкектеги жаштар аллеясында музыкалык аспаптар пайда болот. Алар  кадимки биз көрүп жүргөн аспаптар эмес, кайра иштетүүгө берилген сырьедон жасалган көчө  аспаптары. Бул туурасында Жаштарды өнүктүрүү институтунан кабарлашты.

Мындай иш-чара  шаар тургундарын чыгармачылыкка тартуу, маданият деңгээлин жогорулатуу жана шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, ошондой эле жаш музыканттарды жана музыка сүйүүчүлөрүн адистик жактан өнүктүрүү максатында уюштурулууда.

Иш-чара 20-апрель күнү саат 16.00да Бишкектеги жаштар аллеясында өтөт. Шаар тургундары глюкофон, трубофон, ксилофон жана ковбеллов жыйнагынан турган көчө музыкалык аспаптары менен таанышып, аларда ойногонго дагы мүмкүнчүлүк алышат.

Саамалык  “Жаштарды өнүктүрүү институту ” коомдук бирикмеси, Германиялык Эл Университеттер Ассоциациясынын Эл аралык Кызматташтык боюнча Институту (DVV Internatinal) жана Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте уюштурулуп жатат.  Демилгечилери - “Жаш лидерлер мектеби” долбоорунун катышуучулары.

Иш-чара жаш аткаруучулардын концерттик программасы менен аяктайт.