01.08.2019 15:41

Бишкектеги өтмөктөрдө мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер үчүн шарттар түзүлгөнбү?

Бишкектеги өтмөктөрдө мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер үчүн шарттар түзүлгөнбү?

Эки жыл мурун орнотулган лифттер бүгүнкү күнгө чейин ордунан жылбай турат. Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчун борбордук көчөдөгү жер төлөгө аларды өйдө-ылдый таашый турчу атайын жабдык орнотулган. Жана ал 1-августта иштей баштайт деп вице-мэр Улан Азыгалиев убадалаган.

Бирок бийликтегилер сөздөн ишке өтө алышкан жок. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мурдагыдай эле бир тараптан экинчи тарапка өтө албай, кыйналган бойдон калышты.