14.03.2018 10:47

Бишкектин борборунда 15-16-мартта жаратылыш газы болбойт

Бишкектин борборунда 15-16-мартта жаратылыш газы  болбойт

Бишкектин Токтогул, Тоголок Молдо, Чүй, Панфилов көчөлөрү кесилишкен тилкесинде 15-16 –мартта жаратылыш газы жок болот. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.  Өчүрүү  бузулууларды  калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жана керектөөчүлөрдү газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.