07.05.2018 11:06

Бишкектин четиндеги жол кырсыгынан эки киши каза тапты

Бишкектин четиндеги жол кырсыгынан эки киши каза тапты

Аламүдүн районунун Ленин айылында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа жолдо КамАз менен «Тойота Прадо» кагылышып кеткен.

Жыйынтыгында, эки адам каза тапкан. Анын бири 1973-жылкы А.Б. аттуу жаран болсо, экинчиси  4 жаштагы бала. 

"Дагы эки жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. "Тойота Прадо" унаасы толугу менен күйүп кетти", -деп айтылат билдирүүдө.