07.12.2018 19:35

Чек ара кызматы жана "Бөрү" атайын күчтөрү журналисттерге машыгуу өткөрдү

Чек ара кызматы жана "Бөрү" атайын күчтөрү журналисттерге машыгуу өткөрдү

Чек ара кызматы журналисттерге өзгөчө тест даярдап, жөндөмдөрүн тешкеришти.

April.kg сайтынын атынан кабарчыбыз Канат Рыскулов сыноого барып, деми кысылып, тили салаңдап, бутун араң сүйрөп келди. Ал атайы багыттагы аскерий бөлүктүн машыгуусун өз башынан өткөрүүгө белсенген.