26.03.2018 16:51

Чет элдик жарандардын КР аймагындагы ишмердүүлүгүнө уруксаат берүүчү документтерди алуу жеңилдетилди

Чет элдик жарандардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок жактардын эмгек ишмердигине уруксаат берүүчү документтерди алуу процедурасы жеңилдетилди. Бул иш-чара өкмөт башчы Сапар Исаковдун тапшырмасы астында жүзөгө ашырылды.

Аталган чара чет элдик инвестициялардын кошумча көлөмүн, интеллектуалдык ресурстарын тартуу, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана чет элдик жарандардын ишке орношуудагы тийиштүү документтерди берүүдө коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында кабыл алынган.

Уруксаат берүү документтерин карап чыгуу мөөнөттөрү 30 күндөн 14 күн болуп кыскарды жана уруксат берүү үчүн керектүү документтердин тизмеси 5тен 2ге кыскарды.

Андан тышкары, 2018-жылдын 14-мартында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» («Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Лицензиялык-уруксат берүүчү тутуму жөнүндө», «Мамлекеттик алымдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ага ылайык жогорку квалификациялуу чет элдик адистер үчүн жумушка орношууга уруксаат берүүчү документтин иштөө мөөнөтү 3 жыл болуп каралды.

Буга чейин Өкмөт башчы Сапар Исаков жумушчу кеңешмеде тийиштүү мамлекеттик органдарга чет элдик жарандардын жумушка орношууга уруксаат берүүнү жеңилдетүү маселесин иштеп чыгуу үчүн бир катар тапшырма берген.