30.05.2018 08:30

Чимген айылында селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлдү

Чимген айылында селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлдү

Лейлек районунун Чимген айылында селден жабыркагандарга дин кызматкерлери тарабынан жардам берилди. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.

Исфана шаарынын баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөевдин демилгеси, шаардагы имамдардын катышуусунда Чимген  айылындагы жаратылыш кырсыктан жапа чеккен 4 үй-бүлөгө жана "Арча-Бешик" балдар бакчасына 20 миң сомдук акчалай жардам жана килемдер, көрпө-төшөктөр жардам катары тапшырылды.

Исфана шаарынын баш имам хатибинин  айтымында акча каражатын аймактагы имамдар чогултушкан. Мындан  сырткары хатибият дагы өз салымын кошуп, кошумча каражат бөлүшкөн.

.