27.12.2019 15:58

Чуулгандуу Феминалле көргөзмөсүнүн кураторун белгисиз бирөөлөр сабап кетишти

Чуулгандуу Феминалле көргөзмөсүнүн кураторун белгисиз бирөөлөр сабап кетишти

Феминалле чуулгандуу көргөзмөсүнүн куратору, активист Айгүл Карабалинага кол салуу болду. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасында билдирди.

Маалыматка караганда, 26-декабрда кечинде белгисиз эки адам аны ур-токмокко алышкан.

Кесепетинде мээси чайкалганын айтып, баласынын коопсуздугу үчүн тез арада башка жакка кетип калууну көздөп жатканын билдирди.

Бишкек милициясы активист Айгүл Карабалинанын атынан арыз түшпөгөнүн, ага карабастан билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлө баштаганын бышыкташты.

Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк феминнале көргөзмөсү ызы-чуу менен коштолгон. Айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу деп иштен кеткен. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көргөзмөнү сындап, парламенттин айрым депутаттары да нааразылык билдиришкен.

Мурдагы президент Роза Отунбаева көргөзмөнүн максатын колдоп, көйгөйдү көтөргөн маанилүү иш-чара экенин айткан.