06.10.2018 13:36

Чуусу бүтпөгөн "Коопсуз шаар" долбоору

Чуусу бүтпөгөн "Коопсуз шаар" долбоору

Борбор шаарыбызда видеокөзөмөл коюлуп, тынч жана сак жашап калабыз деген үмүттөр кайрадан үзүлдү. “Коопсуз шаар” көнүмүш адатына түшүп, кезектеги туңгуюкка кептелди. Долбоорду россиялык "Вега" компаниясы ишке ашырууга белсенип жаткан. Алар тейлөө акысын арзан айтып, тендерди утуп алышкан болчу. Бирок, сынакта жеңилген "БиС" ишканасы "Веганын" таржымалына байланыштуу даттанууларды караган көз карандысыз комиссиясына кайрылган. Өз учурунда комиссия келтирилген дооматтардын айрымдарына макул болуп, кызмат сатып алуучу тараптын бардык мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгарды.

Тагдыры ачылбаган долбоордун бүгүнкү абалы тууралуу кийики видеодо: