30.08.2019 23:58

Дагы бир жол кырсыгы! Боомдо жеңил унаа цемент тосмону сүзүп, эки адам жабыркады

Дагы бир жол кырсыгы! Боомдо жеңил унаа цемент тосмону сүзүп, эки адам жабыркады

Боом капчыгайында жеңил унаа цемент тосмону сүзүп алды. Бул туурасында April.kg порталына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 30-августта саат 22:30 чамасында болгон. 

«Окуя Боомдун таш түшкөн тилкесинде болду. Жолдун таш түшкөн тарабы жабык болгондуктан, цемент менен тосулган. Унаа караңгыда ошол цементти барып сүздү. Ичинде айдоочу жана өспүрүм бала бар экен. Баланы ооруканага алып кетишти»,- дейт күбө. 

Тасмада бети-башы кан болгон айдоочунун унаанын ичинде жатканын көрүүгө болот. Анын тирүүсү, же каза тапканы тууралуу эч кандай маалымат жок.