31.07.2018 13:36

Данияр Үсөнөв Белоруссияда атын Даниил Урицкийге алмаштырып алыптыр

Белоруссиянын Минск шаарында миллиард долларга тете айыл-чарба корпорациясы ишке кирди. Анын бизге эмне тиешеси бар? Азыр түшүндүрөбүз: "Белорус улуттук биотехнология корпорациясын" жетектөөчү Даниил Урицкий Кыргызстанда революцияга чейин өкмөт жетектеп турган качкын Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош. Эскерте кетсек, белорустардан баш калканы Курманбек Бакиев дагы таба алган. Биздин кабарчылар Даниил Урицкий менен кайрадан таанышууну сунуштайт.