02.12.2019 15:12

Дарья Маслова Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды

Дарья Маслова Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирет.

1-декабрда Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо Д. Маслова олимпиадалык нормативден өтө алган.

Тагыраагы, Дарья Маслова аталган марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секундда марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт.

2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына кыргызстандык спортчулар жалпысынан беш жолдомо алган. Алар: балбандар Айсулуу ТыныбековаАтабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов (эки жолдомо) жана жеңил атлет Юлия Андреева.