20.02.2020 12:09

Депутат Исхак Масалиев: Шайлоо босогосун 7% төмөндөтүү боюнча президенттин пикирин депутаттар колдоп беришет

Депутат Исхак Масалиев: Шайлоо босогосун 7% төмөндөтүү боюнча президенттин пикирин депутаттар колдоп беришет

Шайлоо босогосун 7% түшүрүү боюнча Президенттин пикирин депутаттар колдошот. Бул тууралуу парламентарий Исхак масалиев өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында бүгүн президент шайлоо босогосун 7 пайыздык чекке чейин төмөндөтүүнү айтып, бул маселеге чекит койду.  

 «Бул менин кесиптештерим коюлган идеяны колдошот дегенди түшүндүрөт. Биздин 5 пайызга чейин түшүрүү боюнча демилгени депутаттар колдошпойт. Анткени президенттин ою – берилген буйруктай эле кабыл алынат. Андыктан жаштар, парламентте силер үчүн көп орун артпайт», - дейт саясатчы.

Эске салсак, бүгүн, 20-февралда президент Кыргызызятандын саясий күчтөрү шайлоодо 9 пайыздык босогодон ашып өтүүгө даяр эмес деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдан күз мезгилинде өтөт. Анын датасы расмий түрдө жарыя боло элек. Ага карабастан үгүттөө иштери активдүү башталды.