18.06.2018 12:54

Депутаттар микрофонго жеткенде: өкмөттүн өпкөсүн үзгөн отчет

Айрым учурда депутаттар өздөрү кабыл алган чечимдерди түшүнө алышпай, убара тартышат. Бул жаңы өкмөттүн эски отчетун угуп жатканда кескин байкалды. Эске салсак, апрель айында парламент Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн отчетун канааттандыраарлык эмес деп таап, ага керек болсо кулак салбай туруп, кууп жиберишкен. Эми ошол эле отчетту Мухамедкалый Абылгазиев көтөрүп келсе, жаман-жакшы деп жатып, акыры жактырып беришти. Өкмөттүн өпкөсүн үзүп, парламенттин башын катырып, отчетту депутаттар кандай талкуулашты, кененирээк кийинки материалда.