26.06.2018 12:42

Депутаттар «Түндүк – Түштүк» жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттын пайдаланылышын иликтейт

Депутаттар «Түндүк – Түштүк» жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттын пайдаланылышын иликтейт

Депутаттык жумушчу топ «Түндүк – Түштүк» жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттын жумшалышын иликтейт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти. 

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Түндүк – Түштүк» альтернативдүү жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттын жумшалышын иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топ түзүлүп, анын жетекчилигине депутат Кубанычбек Жумалиев дайындалды.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, жолдун курулушуна Эксимбанк тарабынан 700 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлүнгөн. Ушу тапта жумуштун 66 пайызы аткарылды.

«Жолдун курулушу жана каражаттын жумшалышы жөнүндө ар кандай пикирлер айтылууда. Анын ичинде таптакыр туура эмес маалыматтар да бар. Буюрса, эртеӊ ал жерге жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери бирге барып, аларга жолдун курулушу боюнча толук маалымат беребиз», - дейт ал.

Жумушчу топтун башчысы министрден «Түндүк – Түштүк» альтернативдүү жолунун курулушуна байланыштуу документтердин баарын тапшырууну өтүндү.