27.03.2019 14:32

Дыйкандар Бишкектин четиндеги айдоо жерлерди трансформациялоого каршы

Дыйкандар Бишкектин четиндеги айдоо жерлерди трансформациялоого каршы

Акыркы он жылдын ичинде Бишкектин чет жакасынан жер басып, үй кургандардын саны көбөйдү. Айыл чарбасына багытталган жер тилкелерди үй курууга бөлүп саткандардын артында бийлик өкүлдөрү турат дегендер да жок эмес. Мыйзамсыз үйлөрдүн курулушу башталганда, жергиликтүү бийлик токтотуп калууну ойлонушкан жок.

Айыл чарба багытындагы жерге курулуш жүргүзгөндөрдүн көпчүлүгү алданып калган жана алардын күнөөсү жок деген да пикирлер айтылууда. Бул арада 2012-жылга чейин пайдубалы түптөлгөн үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Бишкектин чет жакасындагы 47 жаңы конушта алты миңден ашуун үй курулган, алардын үч миңдейинде тиешелүү документтер жок экендиги айтылып келет.

Депутаттар мындай демилгени алгачкы жолу сунуштап жаткан жок. Кээ бир эксперттер мындай демилге шайлоо алдындагы куру убадалар экенин айтып жатышат. Ал эми аймактагы тургундар гана айдоо аянттарын сактап калууга аракетин жумшап келет.