11.06.2018 09:00

Дүйнө чемпионатынын расмий клиби жарыяланды

Дүйнө чемпионатынын расмий клиби жарыяланды

14-июндан тарта Россиянын 11 шаарында өтө турган  футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун расмий ырына тартылган клип жарыяланды. Live It Up («Жить по полной») аталышындагы ыр 25-майда чыккан. Аны белгилүү америкалык актер, хип-хоп аткаруучу Уилл Смит, анын мекендеши Ники Джем, албан ырчысы Эра Истефи жана америкалык музыкант Дипло аткарган. 

Дүйнө биринчилигинин беттештери 14-июндан тартып, 15-июлга чейин Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Нижний  Новгород, Волгоград, Казань, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи жана  Екатеринбург футбол талааларында өтөт.