18.02.2020 14:15

Эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин ооруканадан каза тапты

Эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин ооруканадан каза тапты

Күн мурун, 17-февралда 19 жаштагы келин каза тапты. Маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырасасташты.

Маалыматка караганда, окуя Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда катталган. 19 жаштагы келин болжол менен мындан үч ай мурун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эгиз төрөгөн. Бирок ден соолугуна байланыштуу дарыгерге көрүнүш үчүн Улуттук госпиталга келген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.