23.01.2020 11:18

Эки адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин Кумтөр өз ишин кайрадан улантат

«Кумтөр Голд» компаниясы өз ишин кайрадан жандантат. Тиешелүү маалыматты Тоо-металлургия кесиптик кошуундарынын борбордук комитети берди.

Маалыматка караганда, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.

Кен чыга турган №3 жайдагы авариядан кийин бош тоотек эми «Чоң-Сары-Төр» жана «Кичи-Сары-Төр» тилкелерине төгүлмөй болду.

“Учурда компания тоо-өндүрүш иштерин кайра улантууга даярдык көрүп жатат. Жумушсуз отурган 500 адам кезмет боюнча ишке кирише баштайт” – деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон.  Аларды издөө 9-январда токтотулду.

Ушул окуяга жана иштөөгө уруксат жоктугуна байланыштуу быйыл 3-январда кен чыгуучу жерде иш расмий түрдө убактылуу токтотулган болчу.