21.02.2020 13:43

Экс-мэрлердин иши: К. Кулматовду Россиядагы улгайган ата-энесин көрүп келүүгө жибербей коюшту

Экс-мэрлердин иши: К. Кулматовду Россиядагы улгайган ата-энесин көрүп келүүгө жибербей коюшту

Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлердин апелляциялык арыздары боюнча соттук отурум өттү. Бирок Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун эки өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев жергиликтүү ММКларга билдирди.

Адвокаттын айтымында, Кулматовго Москвадагы 90го чамалап калган ата-энеси менен жолугуп келүүгө жана банктык картасын иштетүүгө уруксат берүү өтүнүчү келтирилген.

"Картадагы бир эле эсеп боюнча болчу. Бир аз акча бар экен. Баш тартып коюшту. Ал эми ата-энесин ал абакка камалганга чейин эки жыл, тергөө абагында отурган эки жыл көргөн жок. Мен муну адамкерчиликсиз мамиле деп эсептейм. Кийинки сот отурумуна чейин барып келсе жетишмек", - дейт Сергей Слесарев.

Бүгүнкү отурумда жабыркаган тарапка сөз берилмек. Бирок, адвокаттын айтымында, алар даяр эместигин айткан соң сот кийинки жума, 28-февралга калды. Буга чейинки отурумга жабыркаган тарап келбей калган.

Шаардык сотто Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши каралууда.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт.

Өкүмгө нааразы эки тарап тең шаардык сотко апелляциялык арыз жазган.