05.08.2019 14:08

Эл аралык жаңжалдын учу. Айыл чарба министри бөлүм башчысын Кытайга жөнөтүү үчүн «орун басар» кылдыбы?

Эл аралык жаңжалдын учу. Айыл чарба министри бөлүм башчысын Кытайга жөнөтүү үчүн «орун басар» кылдыбы?

Айыл чарба министрлигинде эл аралык жаңжал чыкканы турат. Бул туурасында социалдык тармак колдонуучулары жазып чыгышты. 

Aidana Asanovna аттуу колдонуучунун айтымында, Кытай тарап жакында өтө турчу эл аралык жармаңкеге Айыл-чарба министрлигинен бир өкүл чакырып, анын чыгымдарын төлөп бермек болот. Болгону- бара турган адам министрдин орун басары рангынан ылдыйкы кызматта турбаш керек.  

«Дал ушул жерде Чодуев «өз кишисин» жөнөтүү үчүн аракетин кылды. Ушундай жол менен экспорт бөлүмүнүн башчысы  Анаркүл Беккулиева анын кызматы министрдин орун басары макамына туура келет деген документти колуна алды. Кызыгы, бул жасалма маалымкатка Чодуев өзү кол койгон эмес, орун басары Исаевге түртө салган», -деп жазылат маалыматта.

Документтен шектенген Кытай тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү суроо жөнөткөн.

«Эми бул окуяга катыштыгы бар адамдар аны басып коюунун аракетин көрүп жатышат. Аларда бул үчүн жолдор бар: ошол эле Исаев премьер-министр Абылгазиевдин группалашы жана досу. Бирок бул маалымат тарап кеткенден кийин өкмөт башчы өзүнүн таанышына жардам бериши күмөндүү», -дейт Aidana Asanovna.