Эркин Чечейбаев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Эркин Чечейбаев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Эркин Чечейбаев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжарбек Исаев жаңы кызматкерди Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратына тааныштырды. Чечейбаев “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу алкагында министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлыгы кызматын аткарат. 

Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.