20.04.2018 14:46

Эртең Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземи өтөт

Эртең Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземи өтөт

Эртең 21-апрелде “Ала-Тоо” аянтынын жанындагы Курманжан Датка атындагы тарыхый-мемориалдык комплексинин аянтында саат 11:00дө Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземи өтөт. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен кабарлашты. 

Ачылыш  аземден кийин билим берүү, маданий жана көңүл ачуу аянтчалары иштеп баштайт. Пландаштырылган иш-чаралар:

-       Улуттук «Китеп искусствосу» конкурсунун жети номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшыруу;

-       Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучуларынын китептеринин көргөзмөсү жана китептерди сатуу;

-       «Айтматовду окуйбуз» аянтчасы: Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча конкурстар жана викториналар;

-       Фольклордук жана эстрадалык музыка концерти, балдар бий топторунун катышуусу менен;

-       балдар үчүн цирк оюндары;

-       куурчак спектакли;

-       «Келгиле, окуйбуз!» аянтчасы: беш негизги окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча балдар жана ата-энелер үчүн оюндар жана көнүгүүлөр, логопеддердин акысыз кеңештери;

-       «Кызыктуу устакана»: кагаз жана асфальт бетине тартылган балдар сүрөттөрүнүн конкурстары, оригами жана квиллинг боюнча балдар үчүн мастер-класстар;

-       «Чыгармачылык лабораториясы»: конструктор чогултуу боюнча мелдештер, робототехника боюнча мастер-класс;

-       «Шаңдуу старт»: спорттук мелдештер, чоңдор жана балдар үчүн стол үстүндө ойноло турган оюндар;

-       «Усталар шаары»: реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана аларды сатуу;

-       «АКШда билим алуу»: ACСELS, АКШ элчилигинин кызматкерлеринин жана АКШ окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кеңештери.