Калаада Жеңиштин 73 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт
Эртең 9-майда Бишкек шаарында Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришет.
Саат 9:00дө “Өлбөс полк” акциясы башталат. Жүрүштүн катышуучулары Түштүк магистралдан Байтик Баатыр көчөсү менен түшүп, Жеңиш аянтына келишет.
10:00до Жеңиш аянтында башкы майрамдык салтанат өтөт. Анда митинг-реквием, Өчпөс отко гүл коюу, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин жүрүшү, салт болуп калган аскердик ботко жана концерттик программа болот. Майрам кечки саат 22:00дө салют менен жыйынтыкталат.
Ошондой эле, майрамга арналган иш-чаралар калаанын бардык райондорунда өтөт.
Калаанын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы саат 14:00дө “Таберик” балдар музыкалык театрында “Салют, Жеңиш!” аталышындагы аскерий-атуулдук спектакль коет. Ага ардагерлер чакырылган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: