24.01.2019 13:41

Фархад Бекманбетов Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору кызматына дайындалды

Фархад Бекманбетов Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору кызматына дайындалды

Фархад Бекманбетов Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору кызматына дайындалды. Бул туурасында Мадания, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Бекманбетов буга чейин жеке компанияда эсепчи, жетекчи, «Айтыш» коомдук фондунун директору, КТРК Байкоочу кеңешинин мүчөсү жана төрагасы, Маданият министринин орун басары кызматтарында иштеген.

Эскерте кетсек, цирктин жамааты Бекманбетовдун жетекчилик кызматка келишине каршы болуп, митинг өткөрүшкөн. Анда маданият министри жамаат тандаган адамды эмес, өз кишисин коюуга аракет кылып жатат деген кине коюшкан. Ал тургай, Фархад Бекманбетовду жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегиндеги цирк артисттерине карата айткан сөзү үчүн сотко бере тургандыктарын билдиришкен.