30.08.2019 23:41

«Фарш болуп калыптыр». Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды

«Фарш болуп калыптыр». Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Каракол-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы болуп, беш адам каза тапты. Окуянын тасмасын April.kg порталына күбө жиберди.

Айтымында, кырсык бүгүн, 30-августта Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын аймагында болгон.

«Жол тандабастын айдоочусу мас экен. Анын унаасы барып, карама-каршы тилкеде келаткан BMW унаасын минип калды. Жол тандабастын айдоочусу менен ичиндеги аял аман калды, берки унаадагы 5 адам тең мүрт кетти», -деп билдирет күбө. 

Азырынча бул окуя тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. 

 

АБАЙЛАҢЫЗДАР! ВИДЕОНУ СЕЗИМТАЛ АДАМДАРГА КӨРҮҮГӨ БОЛБОЙТ!

Видеону көрүү үчүн V баскычын басыңыздар.