19.10.2018 16:22

Футбол дарбазасы өспүрүмдүн жанын алды

Футбол дарбазасы өспүрүмдүн жанын алды

11 жаштагы Алан 13-июнда футбол ойноп жаткан маалда, үстүнө темир дарбаза кулап, каза тапкан. Айыпталуучу катары футбол талаасынын ижарачысы Акылбек Тороев тартылган. Жабырлануучу тарап Тороевди шалаакылык беренеси боюнча айыптап жатат. Кылмыш иши төрт айдан кийин сотко берилди. Ленин райондук сотунда биринчи отурум болуп өттү. Эгер анын күнөөсү далилденсе, беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок, каза тапкан баланын энеси соттун адилеттүү чечим чыгарышынан шек саноодо.