19.06.2018 13:59

Футболду элге тааныткандар: комментатор Нурсултан Турусбеков

Футболду элге тааныткандар: комментатор Нурсултан Турусбеков

Футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликти ободо көрсөтүүгө жалгыз гана Улуттук коомдук канал укуктуу, деп телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди. Анын айтымында, КТРК ФИФАнын уруксатын алган түркиялык компаниядан матчтарды чагылдырууга лицензияны сатып алган. 

Ал эми социалдык тармактарда акыркы күндөрү футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликти баяндагандарга нааразычылык өсүүдө. Оюндун жүрүшүн "КТРК Спорт" каналынын кызматкерлери мамлекеттик жана расмий тилдерде жергиликтүү аудиторияга жеткирип келишет. Аларга айрым учурда негизсиз дооматтар айтылып жатканын телеканалынын башкы директору билдирүүдө.

Илим Карыпбековдун айтымында, кыргызстанда спорттук баяндамачыларды даярдоочу адистештирилген окуу жайлар жок. Мындан улам КТРК спорт каналынын кызматкерлери өздөрүнүн жеке тажрыйбасына жараша футбол жана башка спорттун түрлөрүн баяндап жүрүшөт. Аларды басмырлоонун ордуна колдоо көргөзүү абзел дейт Карыпбеков. Биздин чыгармачылык топ футбол боюнча биринчиликти мамлекеттик тилде көрүүчүлөргө жеткирип жаткан баяндамачылардын бири Нурсултан Турусбеков менен танышып келди.