16.03.2018 13:45

Ганада мугалимдин арты менен бүт мектеп компьютерлүү болду

Ганада мугалимдин арты менен бүт мектеп компьютерлүү  болду

2018-жылдын февралында окуучуларына Microsoft Word программасын мектеп тактасына чийип түшүндүргөн Ричард Акотонун сүрөттөрү интернет айдыңына кеңири тарап кеткен эле.

Анда Гана мамлекетинин Кумаси шаарында информатика мугалими окуучуларына  сабакты компьютери жок өтөөрү айтылган. Мектептин компьютер алганга каражаты жок болчу.  Бийликтин болсо, өлкөнүн жогорку окуу жайларын гана  компьютер менен  камсыздоого чамасы жеткен.  

33-жаштагы Акото балдарды информатика боюнча улуттук экзаменге даярдоо үчүн  бор менен программанын интерфейсин толугу менен доскага тартып чыккан.  Анын сабак учурундагы сүрөтү интернетте тарап кеткендиктен, дүйнөнүн булуң-бурчунан адамдар мектепке компьютер сатып берүү үчүн кайрымдуулук акциясын башташкан. Бир айга жетип-жетпей ири көлөмдөгу сумма чогулган.

Акциядан Microsoft компаниясы четте калган жок. Жетекчилик  Ганадагы өнөктөшү аркылуу мектептин бардык окуучуларын компьютер жана программалык камсыздоо менен жабдып берүүгө макулдашты.  Жакында эле мугалим компаниянын чакыруусу менен Сингапурга келип, жыйында сөз сүйлөдү. Сахнага чыгып бараткан Акотону IT-коомчулугу дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алган.

Андан сырткары, жергиликтүү  компьютердик компания балдарга 5  компьютер жана информатика боюнча окуу куралдарын, ал эми Акотонун өзүнө ноутбук белек кылган. Улуу Британиядагы Лидс университетинин бир кызматкери балдарга жаңы ноутбук берип жиберген.  

Балдардын кубанычына чек жок. Буга чейин алар компьютерди сүрөттөн жана шаардагы таштанды жайдан гана көрүшчү.