25.06.2018 09:00

Гавайиде жанар тоо менен селфи кылгандар катуу жазаланмай болду

Гавайиде жанар тоо менен селфи кылгандар катуу жазаланмай болду

Гавайи бийлиги жанар тоонун фонунда сүрөткө түшкөн туристтерге жазаны катаалдатууну чечти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Буга чейин күлүн чачып жаткан Килауэа жанар тоонун жанында селфи кылуу үчүн тосмодон өтүп барган кыркка жакын адам кармалган. 

Бул окуядан кийин арал бийлиги атылып жаткан жанар тоого же башка кооптуу жерге жакын баргандарды бир жылга чейин абакка кесүү же 5 миң доллар айып пул салуу чечимин кабыл алышты.

Ушул кезге чейин жанданган жанар тоодон атылган күл 700гө жакын  турак-жайды жок кылган. Килауэа вулканы 3-майдан баштап, күл чачып баштаган.