19.03.2018 15:55

Грузиянын тоо лыжа курортундагы кырсыктан 12 адам жабыркаганы айтылууда

Грузиянын тоо лыжа курортундагы кырсыктан 12 адам жабыркаганы айтылууда

Грузиянын Гудаури тоо лыжа базасындагы кырсыктан ондон ашык адам жапа чеккени айтылууда.

Алдын-ала маалымат боюнча, буга электр энергиясынын өчүп калганы себеп болгон. Андан улам, аркан жолдогу орундуктар ылдыйды көздөй шыпырылып, бири-бири менен кагышып калган.

Элдер иштен чыккан көтөргүчтөн секирип түшүүгө аракет кылышып, жыйынтыгында денелери көгөрүп, же  сынган. Ал эми, секирүүгө жетишпегендер орундуктардын кагылышынан көптөгөн жаракаттарды алышкан.

Куткаруучулар 10 мүнөткө жетпей жетип келишкен.

“Жапа чеккендердин арасында Украинанын 4 жараны, Швециянын -1, Россиянын эки жана Грузиянын бир жараны бар. Учурда 7 адам жергиликтүү ооруканада, абалдары оор эмес”, - деп билдиришет Грузиянын Саламаттыкты сактоо министригинен.