03.09.2018 11:46

III ДКО: Тажик күрөшү боюнча мелдеште 3 кыргыз балбаны медаль тагынды

III ДКО:  Тажик күрөшү боюнча мелдеште 3 кыргыз балбаны медаль тагынды

 III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүндө 3 кыргыз балбаны медаль тагынды. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. 

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды. Мелдештин биринчи күнү гуштини милли камарбанди (тажик күрөшү) мелдеш орун алып, 3 комплект медаль байгеге коюлду.

Мелдешке жалпы 11 мамлекеттен келген 27 балбан катышып, 3 салмак категориясында (68 кг, 82 кг жана абсолюттук салмак) күч сынашуу болду. 

Мелдештин алгачкы күнү кыргыз балбандары үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталды. Алар бир алтын, бир күмүш жана бир коло медаль тагынышты. 

Алгач 68 килограмм салмакта кыргыз балбаны Абдрасулов Марлен финалга чыгып, алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште түркмөнстандык Бегенч Йагмуровду утуп алды. 3-орунду казакстандык Муратхан Берикбол жана орусиялык Шабиев Разиль ээледи. 

82 килограмм салмакта айыгышкан кармаштардын жыйынтыгында финалга кыргызстандык Шерикбай Аманилла уулу менен орусиялык Артур Зулкарнаев чыкты. Финалдык беттеште орусиялык балбандын даярдыгы мыкты болуп, жеңүүчү аталды. 

Бүйүр кызыткан абсолюттук салмак категориясында кыргыз балбаны Кайрат Тойчиев жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, 3-орунду ээледи. Финалда баш байгени түркмөнстандык Аннамурат Мурадов өз эсебине жаза алды. 

Жалпы сыйлык ээлери: 
68 килограмм 
1-орун - Марлен Абдрасулов (Кыргызстан) – байге фонд – 75 мин сом;
2-орун - Бегенч Йагмуров (Түркмөнстан) – 35 мин сом;
3-орун - Муратхан Берикбол (Казакстан) – 17 мин 500 сом;
3-орун - Шабиев Разиль (Россия) – 17 мин 500 сом.

82 килограмм:
1-орун - Артур Зулкарнаев (Россия) - 75 мин сом;
2-орун - Шерикбай Аманилла уулу (Кыргызстан) – 35 мин сом;
3-орун - Силапберди Нуриев (Түркмөнстан) -17 мин 500 сом;
3-орун - Элмаддин Рамазанов (Азербайжан) – 17 мин 500 сом.

Абсолюттук салмак: 
1-орун - Аннамурат Мурадов (Түркмөнстан) 75 мин сом;
2-орун - Жонгор Паренбаатар (Монголия) – 35 мин сом;
3-орун - Кайрат Тойчиев (Кыргызстан) – 17 мин 500 сом;
30орун - Максат Жандилдаев (Казакстан) – 17 мин 500 сом.