27.07.2018 16:46

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык: ачылыш аземинин сырлары

Көчмөндөр оюндары быйыл биздин өлкөдө үчүнчү жолу өткөрүлгөнү жатат. План боюнча Кыргызстан баштап, бабалардын баркына жеткен оюндарды коңшулар улантышы керек эле. Иш жүзүндө денесинде көчмөн каны жүгүргөн башка өлкөлөр колдобой койду. Бирок мүңкүрөп кала турган биз эмес, быйылкы оюндарды буга чейинкиге караганда мыкты өткөрүү пландалып жатат. Уюштуруучулардын ачыктаган кээ бир маалыматтары менен бөлүшөбүз.