24.07.2018 15:06

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кандай болууда?

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бир жарым айга жетпеген убакыт калды. Бул жолу Оюндарда жаңы технологияларды колдонуп, мурункулардан да көркөм кылуу пландалууда. Маарекенин театралдык коштоосу дагы бир топ кеңейтилет. Оюндардын Кырчын жайлоосунда өтө турган бөлүгүнүн режиссерлор тобуна эле 3 миллион 860 миң сом гонорар каралган. А жалпы канча каражат бөлүнгөнүн жана алар эмнеге сарпталаарын оюндарды өткөрүү катчылыгы айтып берди.