Instagram-баракчасы аркылуу террористтик чабуул болоорун жарыялаган жаран колго түшүрүлдү
Социалдык тармакта “терракт болот” деп жарыялаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, «Инстаграмда» «террористтик акт болот» деп Чүй облусунун 18 жаштагы Юнузов Р. аттуу тургуну жалган маалымат тараткан.
Атайын кызматтын кабары боюнча, 24-февралда «Инстаграмдагы» News.kg баракчасынын постунун алдына _roma7unuzow аттуу колдонуучу «шаардагы универсал дүкөнүндө саат 17:30да террористтик акт болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн. АКШ доллары төлөндү» деп жазган. УКМК бул жаранды аныктап, комитеттин Башкы тергөө башкармалыгына алып келди.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү («Терроризм актысы менен коркутуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Суракта шектүү өз кылыгына өкүнүп, бейбаштыктан улам пикир жазганын билдирди. Террордук акт тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө амалдары уланууда.
УКМК терроризмге байланыштуу жалган маалыматтар коомчулукту кооптондуруп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатканын, атайын органдарды реалдуу коркунучтар менен күрөштөн алаксытышы ыктымал экенин белгилеп, мындай аракеттер кылмыш экенин эскертет. Жазык кодексинин аталган беренеси боюнча кылмышка шектелип кармалган адамдын аракети далилденсе 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Бир жуманын ичинде Бишкекте терроризм жөнүндө жалган маалымат тараткан үчүнчү учур катталды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: