06.04.2020 09:08

Ысык-Көлдө жер силкинди. Күчү  4 баллга жетти

Ысык-Көлдө жер силкинди. Күчү  4 баллга жетти

Жер титирөө Ысык-Көл облусунда 6-апрелге караган түнү саат 05:00 чамасында катталган. Анын күчү 4 баллга жеткен. Бул туурасында сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда жер титирөө очогу Эчкили-Таш айылынан түндүк-батышка 12 чакырымда, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка 16 чакырымда, Жаргалаңдан түштүк-чыгышка 30 чакырымда, Каракол шаарынан чыгышка 76 чакырымда жайгашкан. Ал эми жер титирөөнүн күчү Эчкили-Таш айылында 3,5 баллга, Кең-Суу айылында 3 баллга, Жаргалаң айылында 2,5 балл болгону айтылат.