12.07.2018 11:24

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чехиялык туристтер жол кырсыгына кабылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чехиялык туристтер жол кырсыгына кабылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чехиялык туристтер жол кырсыгына кабылды. Окуя 10-июль күнү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол  унаа жолунун 91-чакырымында болжол менен саат 14:00дө болгон, деп билдирет turmush.kg.

Прага шаарынын 41 жаштагы тургуну аялы жана кызы менен Кыргызстанга эс алууга келишкен. Бишкектеги туристтик компаниялардын биринен «Ниссан Икстерра» үлгүсүндөгү  (мамлекеттик номери 01KG 677 АСО) унааны ижарага алып, үй-бүлө Каракол шаарына багыт алышкан. Ал жактан Ысык-Көлдүн түштүк жээги менен Нарын облусунун Жумгал районуна жөнөшкөн. 

Тоң районундагы Бөкөнбаев жана Тоң айылдарынын ортосундагы жолдон чех жараны унааны башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Анын 1972-жылкы аялы менен 2003-жылкы кызы жеңил жаракаттар менен ооруканага Тоң райондук ооруканага жеткирилди.