18.05.2018 11:18

Израиль премьери Евровидение жеңүүчүсү менен "жөжө" бийин бийледи

Израиль премьери Евровидение жеңүүчүсү менен "жөжө" бийин бийледи

Израилдин премьер-министри  Биньямин Нетаньяху Евровидение конкурсунун жеңүүчүсү Нетта Барзилай менен "жөжө" бийин бийледи. Нетта өкмөт башчы менен анын жубайына конокко келген.

Өткөн жумада израилдик кыз Португалияда өткөн конкурста жеңишке ээ болуп, жердештери тарабынан шаңдуу тосуп алынды.

Эскерте кетсек, конкурстун шарты боюнча кийинки жылы Евровидение Иерусалимде өтөт. 

"Нетта Барзилайды Иерусалимде көрүү кандай жагымдуу! Нетта, биз баарыбыз сени сүйөбүз. Сен биздин өлкөбүзгө сыймык алып келдиң!" — деп Facebook баракчасына жазган Нетаньяху аны менен жолуккандагы тасманы жайгаштырды. 

Нетта премьер-министр менен анын жубайына таякчадагы  "короз"  набатын алып келген. Өкмөт башчы менен ырчы кыз  Евровидениеде аткарган Toy ("Оюнчук") ырындагы эң эсте калаарлык учур болгон кыймылды аткарышты.