23.12.2019 15:04

К. Кулматов: Бүткүл сот процесси жана судьянын чечими - абсурд

К. Кулматов: Бүткүл сот процесси жана судьянын чечими - абсурд

Бүгүн, 23-декбарда Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс өттү

Судья Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовго 5 миллион сом айып салып, абактан бошотту.

Сот чечиминен кийин Кулматов ага карата чыгарылган өкүм тууралуу комментарий берди. Айтымында соттон мындай чечимди күткөн эмес, эми өзүнө келиш үчүн бир аз убакыт талап кылынат.

 “Менин абактан чыкканым абдан жакшы. Бирок мени соттолгон деген сөз канааттандырбайт. Биздин бул жакта күнөөбүз жок! Бүткүл сот процессин жана судьянын чечимин абсурд деп айтат элем”,- дейт экс-мэр.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Кулматов акыркы сөзүндө бул мектептин долбооруна катышы бар экенине сыймыктанарын билдирип, "мамлекеттик айыптоо адилеттик үчүн иштебей, атайын каралоо менен гана алек болгонун" белгиледи.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.